Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Давосто банкирлер таламайга алынабы?


Швейцария. Коноктор "Глобалдык өсүш үчүн жаңы нормалдуу абал эмне?" деген талкууну угушууда. Давос. 27-январь, 2010-жыл.
Швейцария. Коноктор "Глобалдык өсүш үчүн жаңы нормалдуу абал эмне?" деген талкууну угушууда. Давос. 27-январь, 2010-жыл.

Бүгүн Швейцариянын Давос курортунда Дүйнөлүк экономикалык форум ачылат. 40-чы жолу өтүп жаткан жыйындагы башкы тема: 1930-жылдардагы Улуу депрессиядан берки эң катаал экономикалык кризиске байланыштуу глобалдык финансы системасын реформалоо.

Форумда талкууланчу глобалдык проблемалардын катарында 12-январдагы зилзаладан катуу кыйраган Гаитиге практикалык жардам көрсөтүү маселеси да бар.

Эмгек рыногундагы абал Түндүк Америка, Батыш Европа жана Японияда өзгөчө оор. Эл аралык эмгек агенттиги



Давосто кризистин сабактары талданат

Дүйнөлүк экономикалык форумдун негиздөөчүсү, германиялык экономист Клаус Шваб жыйын алдында Си-Ен-Ен телеканалына берген интервьюда глобалдык рессеция - дүйнөлүк экономикада кандай жаңылыштык жиберилгенин жана дагы бир кризиске жол бербөөнүн жолун талдоо зарылдыгын адамзаттын алдына койгонун
Полиция "Англия банкынын" жанындагы көчөнү күзөтүүдө. Лондон. 1-апрель 2009
белгиледи. Ал ошондой эле азыркы экономикалык өсүш ишенимдүү эмес, кризис кайра кайталанышы мүмкүн деген кээ бир талдоочулардын чочулоосун да колдоду.

Улуттар Уюмунун Эл аралык эмгек агенттиги бүгүн жарыялаган маалымат боюнча, өткөн 2009-жылы 212 миллион адам жумушсуз болгон. Алардын 34 миллиону 2007-жылы кризистин башталышында ишсиз калгандар. Эмгек рыногундагы абал Түндүк Америка, Батыш Европа жана Японияда өзгөчө оор, деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Эл аралык валюта корунун акыркы эсеби боюнча, быйыл дүйнөлүк экономика 3,9 процентке өсөт. Жарым жыл мурда МВФ 2010-жылкы өсүш 3,6 процент болот деп божомолдогон. МВФтын билдиришинче, Кытайда өсүш 10 процентти түзөт жана Кытай 10 жылдан кийин Кошмо Штаттарды улуттук дүң жыйымы боюнча кууп жетет.

Кытайлык делагациянын саны өлкөнүн кубатын даңазалайт

Кытайдын ылдам өсүп бараткан кубатын Давоско келген жоон топ делегация да күбөлөйт. Форумга маалыматтарга караганда, Кытайдын ырасмий, бизнес жана банк чөйрөлөрүнөн болуп 54 киши келет. Бул Дүйнөлүк экономикалык формудун 40 жылдык тарыхында Кытайдан келген эң чоң делегация.
Гаитинин зилзаладан жабыркаган калкына жардам көрсөтүү маселеси да Давостогу форумда талкууланат.


Лондондогу Brookings институтунун экономисти Барри Босворттун айтымында, Батыш килейген Кытайдан кооптонбой, аны глобалдык кырдаал өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн өнүгүүсү үчүн өтө ыңгайлуу болгонунун бир үлгүсү катары көрүүсү керек:

–Натыйжада, Батыш өлкөлөрү дүйнөнүн эски Европа менен эски Кошмо Штаттардан ылдам өсүп бараткан бөлүгү жөнүндөгү фактыга көбүрөөк маани берет.

Былтыр Давостогу форумга коомчулуктун нааразылыгынан качкан жүздөгөн банкирлер келишкен эмес болчу. Быйыл жыйынга Deutsche Bank, Bank of America, Citigroup, HSBC сыяктуу алп банктардын башчылары катышат. Алар кээ бир банк жетекчилеринин олчойгон бонустарын салык аркылуу кыскартууга чечкиндүү АКШ, Британия, Британия жана башка бакубат өлкөлөрдүн лидерлери менен бетме-бет сүйлөшөт.

Банк мекемелерине каршы чабуулду форум ачылышында сүйлөчү француз президенти Саркози баштайт, деп күтүлүүдө.

Давостогу форумга бардыгы 2 500дөй адам, анын ичинде президенттер менен премьерлер жана башка ырасмийлер, окумуштуулар, көркөм өнөр адамдары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Алардын 75 проценти ишкерлер жана миң чамалуусу дүйнөдөгү эң чоң компаниялардын башчылары.

Беш күндүк жыйында бүгүн дүйнө өлкөлөрүндө чоң ийгилик менен көрсөтүлүп жаткан “Аватар” фильминин режиссеру Жеймс Кэмерон да сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG