Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Дүйнөдө жумушсуздардын саны өстү


Эл аралык Эмгек уюмунун маалыматына ылайык, өткөн жылы жумушсуздуктун деңгээли дүйнөдө реккорддук чекке жетти. Атап айтканда, жумушсуз адамдардын саны 212 миллиондой кишини түздү. 2007-жылдан бери 34 миллион киши ишинен айрылган. Эң көп жабыркагандардын арасында Түндүк Америка жана Батыш Европа өлкөлөрү ошондой эле Жапония аталды. Жумушсуздуктан Чыгыш Европа менен Латын Америкасы да жапа чекти. Ал эми Азия, Африка жана Жакынкы Чыгышта жумушсуздуктун деңгээли стабилдүүрөк болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG