Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

"Азаттыкты" коргоо кыймылы УТРК алдына чыгат


“Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров бүгүн УТРКнын алдына пикетке чыгарын билдирди. Ал 28-январда Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясынын (УТРК) алдында уюштуруп жаткан акциясына Бишкек шаар мэриясы макулдук бергенин мурда кабарлаган. Акция маалында “Азаттык” үналгысын Улуттук радио аркылуу уктуруу, ал эми “Азаттыктын” апталык сыналгы долбоорлорун Улуттук телеканал аркылуу көрсөтүү талабы коюлмакчы. “Азаттыкты” коргоо кыймылы “Азаттык” үналгысынын үнүн жалпы Кыргызстан элине жеткирүү талабы менен буга чейин да бир нече жолу пикетке чыккан. Азырынча бийлик тарабынан оң жооп боло элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG