Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Конституцияга өзгөртүүлөр ЖК сессиясына жиберилди


Бүгүн Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун карары күтүлүүдө. Кечээ бул долбоорду үч фракция талкуулап, “Ак жол” жана Коммунисттер фракциялары комитеттин чечимин колдошкон. Ал эми СДП фракциясы айрым беренелерди колдогон жок.
26-январда Конституциялык мыйзамдуулук комитети талаш туудуруп жаткан 52-берене боюнча жаңы сунуш киргизген. Ага ылайык президент мамлекетти башкара албай калган учурда убактылуу президентти Мамлекеттик Кеңеш 3 күн ичинде аныктамакчы. Мындай өзгөрүү президенттин демилгеси боюнча даярдалган бул долбоор боюнча чыгарган Конституциялык Соттун бүтүмүнөн кийин киргизилип отурат.
Консот мурда сунушталган Президенттик Кеңеш деген орган убактылуу президентти аныктоого укуксуз экенин белгилеген болчу. Конституциялык Сот 21-январда карагандан кийин долбоорду парламентте кайра кароого демилгечи тарап уруксат бергендиги тууралуу маалымат таратыла элек. Кечээ “Ак жол” фракциясында сүйлөгөн сөзүндө Юстиция министри Курмантай Абдиев бул маселе сессияга чейин чечилерин айткан. (BuS)

XS
SM
MD
LG