Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Президент Москва РИИБнүн экс-жетекчисин кызматка коюу боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырды


Петровкадагы чатакка байланыштуу кызматынан алынган Жеңиш Жоробековдун Бишкек ИИБ жетекчисинин 1-орун басарлыгына дайындоо боюнча ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин чечимин карап чыгууну президент К. Бакиев өкмөт башчы Д. Үсөновго тапшырды. Буга байланыштуу өкмөттүн жыйыны бүгүн кечке жуук, саат 17:00 дайындалды деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Ж. Жоробеков 26-апрелдеги Петровка чатагынын чыгышына негиз берген 4 жашар кыздын зордукталып, күнөөлүү адамдын жазасыз жүргөнүнө байланыштуу кызматынан алынган. Петровка чатагына байланыштуу райондун акими, прокурору да кызматтарынан четтетилишкен. Ал эми чатакты уюштуруучулар деп ушул күнү оппозициялык БЭКтин мүчөлөрү айыпталышууда. 4 жашар кызды зордуктаган деп айыпталган А. Осмонов Москва райондук соту тарабынан 20 жылга кесилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG