Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:04

СДП Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча корутундусун жарыялады


Депутаттык фракция мамлекеттик бийлик системасын өркүндөтүү боюнча кызматташууларга даярдыгын айтып, ошол эле мезгилде Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Президенттин мыйзам долбооруна сын-пикирин билдирген. Парламент комитети сунуштагандай Президенттик кеңешмени Мамлекеттик кеңеш менен алмаштыруу мүмкүн эместигин белгилеген фракция, Кыргызстанда Мамлекеттик кеңеш 2006-жылы түзүлгөнүн эскерткен. Ошондой эле өкмөткө байланыштуу 73 беренеде өкмөттүн ыйгарым-укуктары чаржайыт айтылып, бул Президент, Президенттик институт жана Өкмөттүн ортосунда ыйгарым-укуктардын так эместигине алып келери белгиленген. Фракция мамлекеттик кызматкерлерге класстык чин берүүнү алып салууга да каршы чыккан. Парламенттин комитети Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууга 26-январда Жогорку Кеңешке жолдогон. Бирок ал парламенттин күн тартибине кире элек.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG