Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Барак Обама президент катары калкка алгачкы кайрылуусун жасады


АКШ президентинин кайрылуусунун көпчүлүк бөлүгү экономикалык проблемаларга арналды. Шаршембиде ал Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө улуттук экономиканы жандандыруу зарылдыгы, жумушсуздукту кыскартуу жана саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча өзүнүн сунушунун мааниси зор экенине токтолду.

Тышкы саясат боюнча сүйлөп, Ирактагы согуш аяктап жатканын, америкалык баардык аскерлер быйыл августтун аягына чейин Ирактан чыгарыла турганын айтты. Ооганстанда болсо АКШ жетектеген эларалык коалиция көптөгөн кыйынчылыктарга туш болоорун, бирок операциянын ийгилигине ишенээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG