Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Иранда былтыркы шайлоодон кийинки башаламандыктар үчүн айыпталган эки адам дарга асылды


Ирандагы маалымат каражаттарынын айтымында, алар “Өлкөдөгү Ислам системасына каршы чыгып, Аллага согуш ачкан” деп айыпталып, өлүм жазасына өкүм этилген 11 адамдын катарында болчу. Азырынча ал эки кишинин дарга асылганын башка көзкарандысыз булактар тастыкташа элек. Бирок бул - былтыркы шайлоонун чатагы менен байланышкан өлүм жазасы тууралуу алгачкы кабар. Былтыр июнда президенттик шайлоодо кайра эле мамлекет башчылыгына Махмуд Ахмединежад шайланган. Оппозиция аны “добуштарды бурмалады” деп, массалык демонстрацияларга чыккан.

XS
SM
MD
LG