Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Орусияда Кыргыз жаранын өлтүргөн такыр баштын жаза мөөнөтү кыскартылды


Алтынбек Ашировду 2008-жылдын 1-февралында бычактап өлтүргөн Иля Шутко 10 жылга эркинен ажыратылган эле.
Орусиянын Жогорку соту кечээ (28-январда) бул мөөнөттү бир жылга кыскартты.
Ашировду Шутко өлтүрөөрдүн алдында тепкилеп сабаган беш такыр баштан тышкары, Шутконун уюшмасына кирген дагы төрт нео-нацист былтыр сентябрда кесилген.
Алардын биринин мөөнөтү да бир жылга азайтылды.
Орусиялык сот өз чечимин экөөнө коюлган бир катар айыптардын мөөнөтү өтүп кеткендиги менен түшүндүрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG