Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Жекшенкуловдун сот иши 2-февралда кайра жанданат


Экс-мининстр Аликбек Жекшенкуловдун соту жарым айлык тыныгуудан кийин 2-февралда уланган атат. Анда айыпталуучулар суралары күтүлүүдө. Жекшенкулов түркиялык ишкер Сервет Четиндин өлүмүнө тиешеси бар, министр кезинде мамлекеттик каражатка зыян келтирген деген негиздер менен айыпталып, былтыр 9-мартта камакка алынып, алты айдан кийин үй камагына которулган. Адвокаттардын айтымында буга чейинки соттук териштирүүлөр аталган эки айыпты далилдөөчү негиздерди келтире алган жок. Эки кылмыш иши боюнча жалпысынан алты кишиге айып тагылган. Башкы айыпкерлердин бири саналган экс-министр Жекшенкулов кылмыш ишти саясий көз карашы менен байланыштырат. Ал парламенттик шайлоодон кийин Коомдук парламент түзүп, оппозициялык жана эркин көз караштагы саясий-коомдук ишмерлерди, саясий партияларды жана коомдук уюмдарды чогулткан. (BuS)

XS
SM
MD
LG