Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

“Г.Павлюктун киши колдуу болгонуна кырк күн” акциясы өтөт


Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акция өлкөдөгү бардык медиа уюмдардын колдоосунда өтүүдө. Иш-чара алкагында өлкөдө иш алып барган интернет басылмаларында “Г.Павлюктун киши колдуу болгонуна кырк күн болду” деген баннерлер жайгаштырылып, ал жергиликтүү гезит беттеринде да атайын модуль менен чыгарылат. Маркум журналистти эскерүү акциясына коомдук-саясий багытта иш алып барган жыйырма чакты массалык маалымат каражаттары тартылууда. Марат Токоевдин билдиришинче “акцияда эч кандай саясий чакырык жок, бул жөн гана журналисттерди тилектештикке чакыруу аракети”.

Окурмандарга Ибрагим Рустамбек деген ат менен белгилүү болгон кыргызстандык көз карандысыз журналист Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматыда көп кабаттуу үйдөн колу-буту жабышкан желим менен таңылып ыргытылган. Алты күндөн кийин эсине келбеген тейден ооруканада көз жумган. Кыргызстандагы оппозиция өкүлдөрү журналист өз кесибине байланыштуу киши колдуу болгонун, анткени анын оппозициялык маанайдагы ири медиа долбоор ачуу пландары бар болгонун айтып чыгышкан. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG