Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Өкмөт этти экспорттоо маселесин чечет


Өкмөт 2 жыл аралыгында этти Казакстанга жана Орусиягы экспортто маселесин чечет.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди. Вице-премьердин билдирүүсүндө Казакстан менен Орусия этке карата өлкөдөгү ветеринардык мекемелер эл аралык стандарттарга ылайык иш алып баруусун талап кылып жатат. “Эгер жакынкы аралыкта биз “Малды идентификациялоо” мыйзамын кабыл алып, малдын бардык ылаңдарынын алдын-алуу боюнча атайын кор ачып, лабораторияларды ишке киргизбесек, биздин эт четке чыкпайт” деди Акылбек Жапаров. 2009-жылы Кргызстанга 50 тонна эт алынып кирилип, сыртка бир да тонна чыккан эмес. (EK)

XS
SM
MD
LG