Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

“Ош ТВ” операторуна кол салган адам соттолду


Марат Мавляновго Ош шаардык соту "Кылмыш жана жаза" Кодексинин негизинде талап-тоноо тууралуу 167 жана 168-беренелери боюнча өкүм чыгарып, 3 жылга шарттуу түрдө кести. Бул тууралуу жабырлануучу Бахадыр Кенжебаев “Азаттыкка” билдирди. Ош ТВ телекомпаниясынын журналисти Бахадыр Кенжебаевди былтыр 7-мартта белгисиз бирөөлөр катуу сабап кетишкен. Ага Ош шаарындагы Зайнабидинов көчөсүндө бараткан жеринен кол салышкан. Жыйынтыгында мээси чайкалып, денесинин бир нече жеринен жаракат алган. “Ош ТВ” телекомпания жетекчилиги Бахадыр Кенжебаев бул окуяга чейин “түнкү көпөлөктөр” тууралуу ТВ берүү тартып жаткандыгын айтып, окуяны анын ишмердиги менен байланыштырган эле. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG