Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:00

Исаковдун тарапкерлери Алайдагы 2 айыл өкмөтүн сотко берди


Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалай Зикировдун маалымдашынча, кечээ Келдибеков атындагы айыл өкмөтү Сопу-Коргон, Аскалы кыштактарында мөөнөтсүз митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Бүгүн Гүлчө айыл өкмөтү мындан ары райборбордо нааразычылык акцияларын уюштурууга тыюу салды. Ошондуктан айыл өкмөттөрүнүн буйруктарын жокко чыгартуу максатында комитеттин атынан райондук сотко арыз жолдонду.

Жергиликтүү бийликтин пикиринче, Исмаил Исаковдун тарапкерлери 11-январдагы митингден кийин тынч тарап кетпестен чектен чыгып, көчөлөрдү аралап жөө жүрүш жасашкан жана Ош - Эркеч-Там жолун мыйзамсыз тосушкан.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун жердештери анын токтоосуз акталып, абактан бошотулушун талап кылып, ушул жылдын 11-январынан бери ар түрдүү акцияларды өткөрүп келатышат. Анын ичинде Сопу-Коргондогу тогуз адам ачкачылык кармоосун токтото элек. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG