Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

О.Сыдык уулунун 135 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулат


1-февралда Улуттук китепканада кыргыздын белгилүү туңгуч агартуучусу жана санжырачысы Осмонаалы Сыдык уулунун 135 жылдыгына карата «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет» аттуу китеп сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Көргөзмөгө илимий жана маданий кызматкерлер, акын, жазуучулар, окурмандар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды. Китеп сүрөт көргөзмөгө Осмонаалы Сыдык уулунун китептери жана макалалары коюлмакчы.

Осмонаалы Сыдык уулу Үркүндөн кийинки ишмердиги агартуучулук менен байланышкан. 1919-жылы Пишпектеги экинчи түрк окуу жайына жетекчиси, андан соң «Кошчу» союузунун мектебинде мугалим, 1925-жылдан баштап эне тил мугалими болуп иштеген.

1913-жылы Башкортостандын Уфа (Өфө) шаарында “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), ал эми 1915-жылы болсо - “Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери басылып чыккан.

Бул эки чыгарма тең бир китеп болуп 1986-ж. Үрүмчү шаарында (Кытай) араб ариби менен кыргызча кайра жарыяланган.

1930-жылы “эл душманы” деген жалаа менен түрмөгө камалган. Бир жылдан кийин, 1931-жылы Кыргыз АССРинин жогорку соту аны өлүм жазасына өкүм чыгарат. Бирок өкүм ишке ашырылганча аны Ташкенттин түрмөсүнө которуп жиберишет. Кийин Кытайга качууга мажбур болгон. 1942-жылы ал безгек оорусунан кийин таза тапкан. 1958-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун чечими менен акталган. (EK)

XS
SM
MD
LG