Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

А.Чеховдун 150 жылдыгы Кыргызстанда белгиленген жок


Бул тууралуу Маданият агенттигинин көркөм өнөрдү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Элеонора Турдукулова “Азаттыкка” билдирди. Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын аткаруучу директору Сергей Бардаков да улуу жазуучу Антон Чеховдун 150 жылдыгы Кыргызстанда эскерилбегенин, театрда анын пьесалары коюлбаганын, адабий чыгармаларынан көркөм окуулар окулбаганын белгиледи.

Орусияда болсо А.Чеховдун туулган күнү белгиленип, Москвада анын сөөгү коюлган Новодевичье көрүстөнүнө гүл коюлду. Анын 150 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн орус өкмөтү 44 млн. рубль бөлгөнү кабарланууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG