Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Ынтымак курултайын уюштуруу комитети биринчи жыйынын курду


Ынтымак курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынында курултайды өткөрүүнүн жол-жобосу, эрежеси талкууланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын башчысы Каныбек Жороев “Азаттыктын" кабарчысы менен бүгүн болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, бул иш чара президенттин демилгеси менен Кыргызстандагы көп улуттуу элдердин ынтымагын арттыруу максатында уюштурулууда.

-Кыргыз журту, кыргыз коому негизги маселелерди курултай аркылуу чечип келген. Албетте коом өзгөрүп, жашоо- шарт өзгөргөн соң, курултайдын институту дагы, формасы, мазмуну дагы өзгөрүп жатат. бирок ошол курултай жалпы бириктирүүчү, жалпы чоң маселелер ортодо чечилүүчү, ар-тараптуу пикирлер айтылуучу аянт катары Ынтымак курултайы өзүнүн тарыхый зор озуйпасын аткарат деген ойдобуз,-
деди К. Жороев.

Мамлекет башчы Ынтымак курултайын чакырууну уюштуруу боюнча президенттик аппараттын башчысы Каныбек Жороев башында турган топту түзгөн. Курултай 23-мартта өткөрүлмөкчү. (AJ)

XS
SM
MD
LG