Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Ооганстанда зомбулуктан баш тарткан талиптерди эпке келтирүү аракети көрүлө баштады


Аларды президент Хамид Карзай баштаган өкмөт Улуттар уюмунун атайын өкүлүнүн катышуусундагы тынчтык жыйынына чакырып жатканы кабарланды. Кечээ Лондондо Ооганстандын келечегин талкуулаган эларалык конференцияда Карзай бул идеяны ачык жарыялаган эле. Анда айтылгандарга ылайык, “Ал-Каида” террор уюму менен кызматташуудан баш тарткан, куралын таштаган талиптерди тынч жашоого кайтарып, өлкөнүн саясий турмушуна аралаштыруу пландалып жатат. Ооган өкмөтүнөн билдиришкендей, талиптер быйыл жыл башында “Лоя Жырганын”, же аксакалдар курултайынын жыйынына чакырылышы мүмкүн. Улуттар уюмунун атайын өкүлү Кай Эиде да январдын башында Дубайда талиптердин өкүлдөрү менен жолугушканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG