Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Т.Блэр Ирактагы согушка байланыштуу көрсөтмө берип жатат


2003-жылы АКШ Иракка аскерлерин киргизгенде, Британиянын ошол учурдагы премьер-министри Тони Блэрдин өкмөтү Американы колдоп, өзүнүн аскерлерин да жиберген. Бирок Иракта согуштун башталышына негизги себеп деп айтылган “массалык кыргынга алуучу курал” табылбады. Андыктан Британияда Блэрдин өкмөтү тушунда иштеген негизги жетекчилик жалпы коомдук угууларда “согушка Британиянын катышканы канчалык мыйзамдуу болгонун” иликтеген комиссиянын суроолоруна жооп берип жатышат. Бүгүн алардын катарында Блэрдин нөөмөтү келген. Анын айтымында, АКШга 2001-жылдын 11-сентябрына террорчул чабуул болгонго чейин деле Ирактан коркунуч бар экенин алар билишкен. Бирок ал чабуулдан кийин, Британия Ирактан чыкчу коркунуч тууралуу көз-карашын өзгөрттү. Анткени Ирактын ал учурдагы лидери Саддам Хусейн бир канча ирет массалык кыргынга алуучу куралын колдоно турганын айткан.

XS
SM
MD
LG