Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

А.Мадумаров: Эгер биз бүгүн чындыкты айтпасак эч качан оңолбойбуз


Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров бүгүн Республикалык студенттер кошунунун IV слетунда жаштардын демилгесин колдобой жаткан чиновниктерди сынга алды. Ал, “Студенттердин кошууну жөнүндө” президент Курманбек Бакиевдин 2009-жылдын 2-июлдагы жарлыгы аткарылбай жатканын, анын аткарылышын президенттик администрация көзөмөлгө албай жатканын айтты.

-Биз эгер чындыкты бүгүн айтпай турган болсок, чындыкты беттен жашырып жүрө турган болсок анда биз эч качан оңолбойбуз, адам болбойбуз. Биз болгонду болгондой айтышыбыз керек. Кагаз менен ороп, фартук менен жашырып жүрүп ушул күнгө келдик..

Анын айтымында, чиновник бүгүн кызматында отуруп айлык алып, кызматтык автоунаада баратканына ыраазы.

“Ырас эле Москванын телевидениеси көрсөткөн биздин мугалимдердин Казакстанга качып кетип жатканы бизге оор эмеспи? Чындыгында эле жаш мугалимдердин депозити сыяктуу каражатты студенттердин биримдигине берсе болбойбу? Ырас эле бул оорбу? Мунун диагнозу бир эле. Бул барып турган көңүл коштук!”-деди А.Мадумаров.

Маалыматтарга караганда, былтыр студенттердин биримдигиндеги 8 миңге чукул студент айыл-чарба жана курулуш тармактарында иштеген. Бүгүнкү Республикалык студенттер кошунунун IV слетуна 300 чукул студенттер, мурдагы студенттик курулуш биримдигинин мүчөлөрү Таштемир Айтбаев, Алманбет Матубраимов, Руслан Сарымсаков, Галина Куликова жана башкалар катышты.

Жыйын соңунда Республикалык студенттер кошунуна Жогорку Кеңештеги өкмөттүн мурдагы өкүлү, маркум Мурза Капаровдун ысымы ыйгарылды. (AJ)

XS
SM
MD
LG