Бүгүн “Ал-Жазира” телеканалы уктурган аудиодо “Ал-Каиданын” лидери Осама Бин Ладен АКШны жана башка ири мамлекеттерди климаттын ысышына башкы күнөөкөрлөр катары айыптаган. Ал нааразылык иретинде АКШнын долларын колдонбогонго чакырды. Бул аудионун чын эле Бин Ладенге таандык экенин азырынча көз-карандысыз адистер тастыкташа элек.