Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Жарылып кетүү коркунучу жогору көлдөр көзөмөлгө алынды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Ала-Арча” дайрасынын жогорку өрөөнүндө жайгашкан “Адыгене” көлүнүн абалы боюнча кечээ чукул жыйынга чогулду. Анда Жаратылыш ресурстары боюнча министрликтин комплекстүү гидрологиялык экспедициясынын өкүлдөрү маалымат берип, айрыкча Кумтөрдөгү “Петров” көлү менен Чүйдөгү “Адыгене” көлүнүн жарылып кетүү коркучу жогору экенин кабарлашты. Азыр Кумтөр алтын кенинин жетекчилиги каражат бөлүп “Петров” көлү толук көзөмөлгө алынды. 2008-жылы чех өкмөтү “Адыгене” көлүнө байкоо салып туруу үчүн жүз миң долларлык станция орнотуп берген. Көлдүн абалы убагында президенттин аппартында талкууланып, бюджеттен кошумча каражат бөлүү тууралуу чечим кабыл алынган. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акыл Айтбаев ошентсе да Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарындагы дайралардын маселесин чечүү үчүн тез аранын ичинде комплекстүү чаралар керек деп билдирди. Адисттердин маалымдашынча, эгер "Адыгене" көлү жарылып кетсе Кыргызстандын президентинин резиденциясын, борбор шаарды суу каптап кетиши ыктымал. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG