Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

“Кыргызгаз” газ баасын көтөрүү боюнча өкмөткө сунуш жөнөтөт


Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Саламат Айтикеев кечээ маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, көгүлтүр отун үчүн азыркы төлөмдөр ишкананын чыгымдарын жаппайт. 2009-жылы “Кыргызгаз” элүү миллион сомдук чыгаша тартты, ал ички ресурстардын эсебинен жабылды, деди С. Айтикеев. Кыргызстандын өкмөт башчысы Данияр Үсөнов өткөн жылдын этегинде Өзбекстанга иш сапар менен барып келерки жылга газ алуу тууралуу макулдашып келген. Расмий Ташкент газды европалык баа менен баалап бир миң куб метрин 220 доллардан сатууга макул болгон. Д. Үсөнов ушундан улам быйыл газ арзандашы ыктымал экенин айткан эле. Кыргызстан былтыр 240 доллардан төлөгөн. Андан мурунку жылы газ баасы 145 доллар болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG