Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

НАТО соккусунан 4 ооган жоокери набыт болду


Ооганстандын Коргоо министрлиги НАТО аскерлеринин байкабастан жергиликтүү 4 жоокерди өлтүргөнүн айыптады. Окуя бүгүн эртең менен Вардак вилаейтинде болгон. Министрлик жасаган билдирүүдө бул кокустукту иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу керектиги айтылат. Вардактын өкмөт өкүлү маалымдаганына караганда, чет өлкөлүк аскерлердин аба соккусунан ооган армиясынын 4 жоокери набыт болуп, алтоо жараат алды. НАТО жетектеген бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгы Батыш жана ооган аскерлери ортосунда "чатак" болгонун тастыктап, бирок анын чоо жайын айтуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG