Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Т. Акун: Алайда эки айыл өкмөтү акцияны мыйзамсыз тыйган


Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин өкүлдөрү аталган институтка арыз менен кайрылганын билдирди. Буга алардын нааразылык акцияларын өткөрүүгө аталган райондогу Келдибеков жана Гүлчө айыл өкмөттөрүнүн уруксат бербей койгону себеп болгон. Акыйкатчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мындай аракети мыйзамсыз экенин айтып, уруксатты бербей коюу сот аркылуу гана ишке ашаарын маалымдады. Мурунку коргоо министри И. Исаков 11-январда сегиз жылга эркинен ажыратылган. Буга байланыштуу Бириккен элдик кыймыл саясий куугунтукка каршы күрөшү боюнча комитет түзгөн. Андан соң Бишкекте жана Алайда ачкачылык акциялар башталып азыркыга чейин уланып жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG