Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Өнүктүрүү кеңешинин алгачкы жыйыны болду. А. Князев Россияда М. Бакиевге тиешеси бар ишканаларга карата 18 кылмыш иши ачылганын билдирди. ЖК комитети Президенттик кеңешме деген сөздү Мамлекеттик кеңешке алмаштырууну сунуштады.

Өнүктүрүү кеңеши өрлөтөбү?

Узап бараткан жума ичинде ар түрдүү министрликтер коллегияларын өткөрүп, өткөн жылдын жыйынтыктары чыгарылды.

Ал эми өнүктүрүү маселесин колуна алган Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү кеңеши дүйшөмбү күнү алгачкы жыйынын өткөрдү. Анда шаар мэри Нариман Түлеев 2012-жылга чейин борборду өнүктүү программасын жарыялады. Ал үчүн 13 млрд. 700 млн. сом каралган. Бул сумманын канчасы реалдуу бар, канчасы карыз иретинде каралганы белгисиз. Анткени ошол эле Өнүктүрүү кеңеши шаардын инфраструктурасы үчүн карыз алуунун концепциясын иштеп чыгууну мэрияга тапшырды.

Өнүктүрүү кеңештин жыйынында андан сырткары фондулук базарды активдештирүү, мамлекеттик ишканалардын акцияларына кызыгууну күчөтүү сунушталды. Бул деген ал ишканалардын акцияларын базарга алып чыгып сатууну колго алуу дегенди билдирет. Мындай жараян өз кезегинде мамлекеттеги стратегиялык ишканалардын бийликке жакын менчик структуралардын колуна өтүшүнө жол ачуусу менен опурталдуу.

Ал эми министрликтердин коллегиясынын жүрүшүндө Өнүктүрүү агенттигинин колуна өлкөнүн эле эмес, ири ишканалардын кирешелери да өтөрү айкын болду.

Маселен, Энергетика министрлигинин коллегиясында премьер-министр Данияр Үсөнов энергетиктерге мындай жаңылыкты угузду:


- Силер иштейсиңер.Күнүмдүк чыгашаңар өзүңөрдө. Бардык кирешени ай сайын бюджетке которосуңар. Өз кезегинде биз аны үч ай сайын Өнүктүрүү фондуна которобуз.Силерге бирдемке керек болсо долбоор түзүп, Өнүктүрүү фондуна барасыңар.Долбооруңар бирдемкеге турарын далилдеп, анан насыя аласыңар. Насыя менен иштейсиңер. Бекер заман бүттү.

Парламенттин көзөмөлүнөн сырт турган Өнүктүрүү агенттигине, анын жетекчиси Максим Бакиевдин колуна мамлекеттин финансылык активдерин бүтүндөй топтоо өзүн канчалык актайт, азырынча белгисиз. Бирок мындай иштин артында чочулатууну жараткан да жагдай жок эмес. Анткени СССРдин убагындагы ченемсиз борборлоштуруунун аягы эмнеге алып келгени көпчүлүктүн эсинде болсо керек.

Кыргызстанда учурда активдерди бир колго топтоштуруу жараяны банк системасында да, ишканаларда да жана башка тармактарда толугу менен жүрүүдө.

Айрым атка минерлер Каржы министрлигинин коллегиясында баалуу кагаздарды канча өлчөмдө чыгарууну да жума сайын Өнүктүрүү агенттигинде талкуулоону сунуштап чыгышты. Анчалыкка барууга бул тармактын жетекчиси, каржы министри Марат Султанов каршы болду:

- Өнүктүрүү агенттигинде жума сайын чогулуп, баалуу кагаздарды канча чыгарууну талкуулаган болбойт. Анда биз агенттикти стратегияны чечүү эмес, башка нерсеге алмаштырабыз.Ошондуктан бул маселелерди так айтышыбыз керек.

Айта кетүүчү нерсе, 29-январда президент Бакиев быйылкы жылдын бюджети жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Белгилүү болгондой бюджеттин кирешеси 46 млрд. 434 млн. сом, чыгашасы 59 млрд. 88 млн. сом деп пландалган. Ошону менен таңсыктык 13 млрд сомго жакын сумманы түзөт. Бирок бюджеттин чыгашасынын ичинен 20 млрд. сом Өнүктүрүү агенттигине берилет.


“Аксак өрдөк” синдрому

Өлкөнүн экономика жана финансы тармагында мына ушундай маселелер талкууланган жумада Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү аракети да кызуу жүрдү. Конституциялык сот 21-январда чыгарып берген корутунду менен Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча Президенттин мыйзам долбоорун 26-январда карап, дароо жактырды. Конституциялык сот корутундусунда сунуштагандай “Президенттик кеңешме” деген сөздү “Мамлекеттик кеңеш” менен алмаштырды.

Комитеттин, фракциялардын жыйынында мыйзам долбоору боюнча президенттин өкүлү, юстиция министри Курмантай Абдиев Президенттик кеңешмени Мамлекеттик кеңешме деп атоону кубаттады. Долбоор 27-январда эки фракциянын да толук колдоосуна алынды. Ошону менен Президенттик кеңешме Мамлекеттик кеңешмеге айлана турган болду.

Президенттик кеңешменин курамына кире турган мамлекеттик кызматкерлер Мамлекеттик кеңештин курамын түзө турган болду.
Президент өткөн жылы 20-октябрдагы сөзүндө Президенттик кеңешмеге кимдер кирерин ачыктаган:

- Президенттик Институттун органдарынын бардык жетекчилери, ошондой эле Коргоо, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча Мамлекеттик кеңешчи, Мамлекеттик тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин Төрагасы жана Премьер-министр Президенттик Кеңешменин туруктуу мүчөлөрү болушат.

Мына ушундай формадагы мыйзам долбоор 28-январда биринчи окууга парламенттин кароосуна коюларын Жогорку Кеңештин кызматкерлери билдиришкен. Бирок андай болбоду.

Сыягы буга Социал-демократиялык фракциянын Кыргызстанда Мамлекеттик кеңеш 2006-жылы эле түзүлгөндүгүн ачыктап чыгуусу себеп болду окшойт.

Бирок Жогорку Кеңештин кызматкерлери мыйзам долбоордун каралбай калыш себеби катары мыйзам долбоордун демилгечиси-Президенттин, Президенттик кеңешме деген сөздү Мамлекеттик кеңеш менен алмаштырууга макулдугу болуш керектиги менен байланыштыра башташты. Расмий түрдө андай макулдук бар экени белгисиз экени айтылды.

Андай болгон шартта мыйзам боюнча президенттин өкүлү, юстиция министри Курмантай Абдиев кимдин атынан комитеттин, фракциянын жыйындарына келип жатты деген суроо туулбай койбойт...

Ал эми мыйзам долбоордун негизги сүрөөнчүлөрүнөн болгон “Ак жол” фракциясынын депутаттары долбоордун 28-январда каралбай калышынан эч кандай эрөөн-төрөөн көргөн жери жок. Маселен, фракциянын лидери Улукбек Ормонов:


- Болгону күн тартибине кире элек болчу. Күн тартиби биринчи күнү төраганын жыйынында каралат. Ал жерде маселе жок. Менин оюмча, биринчи окуудан кийин үч ай убакыт болот. Ошол учуда баары такталыш керек. Мамлекеттик кеңештин жобосу, ыйгарым-укуктары, деген Улукбек Ормонов мурда президенттин жардыгы менен түзүлгөн Мамлекеттик кеңешти ошондой эле жардык менен жокко чыгаруу жеңил экенин кошумчалады.

Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев жаңы түзүлө Мамлекеттик кеңештин ши тартиби, жол-жобосу атайын мыйзамда белгилениш керектигин билдирип чыкты.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча бийликтин будамайланып калышын мыйзам долбоордун чийкилиги менен түшүндүрүп, буларга токтолду:

- Биринчиден, бир жарым бет жазып киргизген Конституцияга өзгөртүү, түзөтүүлөр маңызы боюнча да сабатсыз, юридикалык жактан аткарылышы да сабатсыз. Ошондуктан Конституциялык соттон жанагындай сунуштарды алып жатат. Мамлекеттик түзүм эмне экенин түшүнбөгөн адамдар иш алып барып жатканы көрүнүп турат. Анан эң негизгиси өздөрү эмне каалаганын билбегендиктен ушундай боулп жатат. Ошол эле Абдиев коммунисттер фракциясынын жыйынында Кыргызстандан башка өлкөдө ушундай эрежеси бар өлкө барбы дегенде, жок, Кыргызстан жападан-жалгыз деп мойнуна алды. Бул деген сөз бийликтегилер эмнени каалаганын билбейт. А Бакиев өзүнүн максатын билет. Бирок кол алдындагыларга ачык айта алган жок. Каймана түрдө элдин баары түшүнгөн менен ачык айтылбай, мына ушундай карама-каршылыктар болуп жатат. Негизинен туура эмес иш эч убакта ийгиликтүү алдыга жылбайт. Ар дайым кетенчиктей берет.

Конституциянын 52 беренесине өзгөртүү киргизүүнүн маанисине карасак, анын максаты Президент милдетин аткара албай калган учурда Жогорку Кеңештин төрагасы же Өкмөт башчынын мураскер болуп калуусуна бөгөт коюу, ал эле эмес, президент ишке жарамсыз болуп калса, баары бизге калат деген максатта кутум уюштуруусуна шарт түзбөө экени байкалып турат.

АКШда экинчи мөөнөтү аяктап бараткан президентти “аксак өрдөк” деп коюшат. Кыргыз бийлигинин башчысы да бул мыйзам аркылуу “аксак өрдөк” болбоонун алдын алып, ошол эле мезгилде Борис Ельциндин ыкмасы менен бийликти мураскерине өткөрүп берүүнүн ыңгайын көздөп турганы байкалууда.

Негизи эле Кыргызстандын акыркы президенттери Жогорку Кеңештин төрагасы жана өкмөт башчыдан атаандаш, тизгин талашуучуларды көрүп, ошого жараша кадрдык, саясий чечимдерди кабыл алып келатат. Маселен, Аскар Акаев мына ушундай өңүттөн улам Николай Танаевди өкмөт башына алып келген. Игорь Чудинов да ушундай эле себептер менен өкмөт башчылыгына коюлган.

А.Князевдин бийлике айбаты


Мураскер демекчи, 26-январда саясат таануучу Александр Князев Максим Бакиевге каршы катуу айбат көрсөттү. Бир ай мурун сабалган саясат таануучу мына ушул айбат көрсөтүү менен кимдердин ишараасы менен сабалганын кыйыр түрдө билдирип, өч алууну көздөгөндөй.

Князов Максим Бакиевге тиешеси бар ишканалар, алардын эсептери камакка алынганын, 18 кылмыш иши козголгонун билдирип чыкты:

- Азыр Орусияда Максим Бакиевге тиешелүү же үлүшү бар экономикалык жана каржылык объекттер белгилүү “Алтын” ишканасы
жана башкалар бардыгы токтотулуп, эсептери камалган. Буларга байланыштуу 18 кылмыш иши козголгон.

Бул айыптоого бийлик тараптан, тагыраак айтканда, маалымат каражаттарына анча чыга бербеген Максим Бакиев тараптан дароо жооп болду. Ал 27-январда 24KG маалымат агенттигине интервью берип, Россияда бир да ишканасы, банктык эсептери жок экенин, айтылгандардын баары имиш-имиш экенин билдирди.

Бирок уулу Максим Бакиевдин бизнеси чет өлкөлөрдө экенин атасы Курманбек Бакиев мурунку кездерде мактаныч менен билдирип келгени маалым.

Россиянын маалымат каражаттары Максим Бакиевге жакындыгы бар банк, фирмаларга кылмыш иштер козголгонун байма-бай жазып келет. Маселен, өткөн жылдары “Азияуниверсалбанк” арам акчаны адалдоого байланыштуу айыпталган. Бул банк болсо азыркы мезгилде Кыргызстандагы эң ири коммерциялык банк. Ал Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү фондунун өнөктөшү болуп тандалып алынды. Андан сырткары “Азиауниверсалбанк” менен байланышкан Фининфор аттуу компания бар. Анын кызматкери Александр Чесноковго Россияда кылмыш иши козголуп, 1 млрд. 387 млн. рубль мыйзамсыз киреше алган деп айыпталган.

Оппозиция лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров болсо Максим Бакиевге тиешелүү ишканаларга алда качан эле кылмыш иши козголуш керек эле дейт:

- Кылмыш иштер алда качан козголуш керек болчу. Аларга байланыштуу эмес Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнөн да арыз алыш керек. Болгон үй-мүлкүн рейдерлик кылып тартып алса, Аскар Акаев менен Айдар Акаев да арыз жазып, ошолордон да арыз алыныш керек. Дагы Москвада бир топ ишкерлер, мурунку чиновниктер жүрөт. Алар Акаев менен иштешкен. Алардан да анча-мынча тартып алган. Алар билишет. Мына ошолордон да арыз алыш керек,
деген Бекназаров бийлик башындагыларга ири мамлекеттердин тартип коргоо органдарынын күчү жетпесе, жергиликтүү тартип коргоо органдары алардын кызматында болуп калганын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG