Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Ош облусунда он жылда тамеки өндүрүшү экс эсе кыскарды


Мындай маалыматты Ош облус губернатору Мамасадык Бакиров тармактык кеңешме убагында жарыя кылды. Анын айтымында, акыркы жылдары жыйналган он миң тонна “сары алтындын” 85 пайызы Ноокат районуна таандык. Араван, Кара-Суу жана Өзгөн жергесинде тамеки өндүрүү эки эсе кыскарды, ал эми Кара-Кулжада бул техникалык өсүмдүк дээрлик эгилбей калды. Тармактын мындай кризиске кептелишине өндүрүлгөн продукциянын наркынын төмөндүгү, корогон чыгымды актабай жаткандыгы себеп болууда.
Мындай пикирге түркиялык “Сунель табак” компаниясынын өкүлү кошулган жок. Анын айтымында, Оштун тамекиси мурунку жылдарга салыштырмалуу сортуна жараша 32-50 сомго кымбаттады, ишкана быйыл дыйкандардан он миң тонна “сары алтын” сатып алууга даяр. Ошол эле учурда продукциянын сапаты эмнегедир начарлап, мындан улам дүйнөлүк базарда кыргыз тамекисинин баркы ылдыйлап баратат. (ATo)

XS
SM
MD
LG