Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Исмаил Исаковдун апелляциялык арызы качан каралаары белгисиз


Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” билдирген Исмаил Исаковдун карындашы Элмира Турганбаеванын айтымында, республикалык Аскер соту азырынча бул ишти карай турган судьяны да аныктай элек. Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров республикалык Аскер сотуна Бишкек гарнизондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен 19-январда арыз жолдогон.

Бишкек гарнизондук соту Исмаил Исаков коргоо министри болуп турганда министрликке тиешелүү батирди уулуна берип койгон деген айып менен 11-январда сегиз жылга эркинен ажыраткан. Исмаил Исаков өзү бул ишти саясий куугунтук катары бааларын айтып келген. (SM)

XS
SM
MD
LG