Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Кытай АКШнын Тайванга курал сатуу планын айыптоодо


Синхуа агенттиги Кытай тышкы иштер министри Янг Цзечинин “Кошмо Штаттары Кытайдын улуттук коопсуздугуна жана Тайван менен биригүү максатына залака тийгизди” деген сөздөрүн келтирет. Кытай жана АКШ курал-жарак сатуу маселесин көп талкуулашкан, бирок Вашингтон Бээжиндин куралды сатпоо талабын көңүл сыртында калтырды, - деди министр. Ишембиде Мамлекеттик департамент Кытайдын аскерий жана коопсуздук тармагындагы алакаларды токтото туруу жана Тайванды аскерий жабдыктар менен камсыздаган америкалык фирмаларды жазалоо чечимине байланыштуу өкүнүчүн билдирди. Бир нече күн мурун Обама администрациясы Тайванга курал сатуу ниети жөнүндө Конгрессти кабардар кылган эле. Келишимге ылайык, Тайван 6,4 миллиард долларга курал-жарак, анын ичинде согуштук тик учактарды, Patriot ракетакармагычтарды алмакчы. Бээжин Тайванды өзүнүн жикчил аймагы катары кабыл алып келет.

XS
SM
MD
LG