Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш аяктады


Бишкекте бүгүн Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерген эл аралык бокс мелдеши аяктады. 27-январда башталган мелдешке алты өлкөдөн: Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан жалпысынан 200 чакты мушкер катышты. Анда эн женил салмак боюнча баш байгени оштук, 18 жаштагы Нурсултан Ибрагим уулу алды. 51, 54, 57, 60 килограммдык салмактагы беттештерде да кыргыз мушкерлери жеңишке жетти. Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган мелдеш быйыл 36-жолу өткөрүлдү.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG