Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Казакстанда иштеген эмгек мигранттары Бишкекте митингге чыгышты


Бүгүн Бишкек шаарынын Ала-Тоо аятынын күн чыгыш жагына жүзгө чукул адам чогулуп, өздөрүнүн талаптарын коюшту. Маалыматка караганда, митингиге чыккандар Казакстанда эмгектенген кыргыз эмгек мигранттары. Алардын айтымында, кыргызстандык мигранттардын Алматы жана башка шаарларда иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берилбей, кысымдар, депортациялар күчөп кеткен. Бул маселени казак бийлиги менен сүйлөшүп жөнгөрүүгө акцияга чыккандар эки жума убакыт берип, эгерде маселе чечилбесе кайрадан нааразылык акцияларына чыгышаарын билдиришти. Митингиге чыккандарга милиция кызматкерлери көз салууда. Бийлик тараптан жооп боло элек.(AiT)

XS
SM
MD
LG