Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

2005-жылдан тарта абакта 26 адам өлтүрүлдү


2005-жылдын октябрь айынан тарта 2009-жылдын июль айына чейинки аралыкта Жаза өтөө мекемелеринде 26 адам өлтүрүү фактысы катталган. Бул тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюму жаза өтөө жайларына жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Абакта өлгөндөрдүн тизмеси 2005-жылы Молдовановка айылындагы №31 жаза өтөө мекемесинде киши колдуу болгон депутат Т. Акматбаев менен башталып, былтыр июлда Вознесеновка айылындагы №14 жаза өтөө жайында болгон массалык мушташтан көз жумган абактагы өспүрүм С. Заитов жыйынтыктайт. ( EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG