Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

Спорт мыктылары сыйланып бүттү


Дене-тарбия жана спорт боюнча агенттик 2009-жылы спорттун ар кыл: грек-рим күрөшү, эркин күрөш, сүзүү, дзюдо, тармагында өзүн мыкты көрсөткөндөргө акчалай сыйлыктарды тапшырып бүттү. Стипендия корунан бул үчүн 1 млн. 141 миң сом каралганын агенттиктин басма сөз кызматы кабарлайт. Сыйлык баш аягы 69 адамга берилди. Алардын катарына Арам Акопян, Калыбек Жолчубеков, Мурат Рамонов, Базар Базаргуруев, Яна Панова, Евгений Ваккер, Юрий Краковецкий, Азат Кубакаев, Василий Данилов и Виталий Худяков киришти. Сыйлыктар былтыр спорт боюнча эл аралык мелдештерге катышып, олжолуу кайткан спортсмендер үчүн тапшырылды. ( EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG