Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Ооган президенти Саудияга барат


Хамид Карзайдын иш сапары анын Талибандын байистүү катмары менен элдешүү мүдөөсүн ишке ашыруу максатын көздөйт. Ооган президентинин басма сөз катчысынын айтымында, Карзай Эр –Риядга эртең барып, сауд падышасы Абдулла менен бүрсүгүнү кездешмекчи. Карзай Сауд Аравияны талиб согушкерлерин куралын таштоого ынандыруу үчүн таасир көргөзүүгө көптөн бери чакырып келүүдө. Сауд падышасы тынчтыкка жана Талибан менен элдешүү жараянына салым кошот деген үмүттөнүүсүн ооган президенти өткөн аптада, Лондондогу эл аралык конференцияда да айтты. Ооганстандын 1996-2001-жылы бийлик жүргүзгөн Талибан өкмөтүн Сауд Аравия, Пакистан жана Бириккен Араб Эмираттары гана тааныган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG