Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Иран ислам ыңкылабынын кезектеги мааракесин белгилей баштады


Ислам ыңкылабынын 31 жылдыгына арналган салтанаттар он күнгө созулмакчы. Бүгүн маселен ыңкылаптын жолбашчысы аятолла Хомейнинин он төрт жылга созулган сүргүндөн соң Франциядан Иранга кайтып келгенинин кезектеги жылдыгы белгиленүүдө. Президент Махмуд Ахмадинежад баштаган расмий өкүлдөр Хомейнини бүгүн анын Тегерандагы мавзолейине келишип эскеришти. Ислам ыңкылабынын аркасында Ирандын АКШ колдогон шахы бийликтен кулатылган. Ыңкылаптын мааракесине арналган быйылкы салнаттар өлкөдө саясий абал чыңалган шартта өтүүдө. Былтыркы президенттик шайлоону олуттуу бурмалоолор менен коштолду деп эсептеген оппозиция анын расмий тыянагын тааныган эмес жана бул өлкө ислам ыңкылабынан бери кабылган эң ири саясий кризис болду.

XS
SM
MD
LG