Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

ЖК комитети Консот төрайымынын баяндамасын укту


Коргонуу, коопсуздук, тартип, сот-укуктук маселелер жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ЖК комитети бүгүн Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкованын 2009-жыл үчүн баяндамасын укту. Былтыр Конституциялык сотко 132 арыз келип түшкөн. Бул 2008-жылга салыштырмалуу 37 пайызга көбүрөөк. Светлана Сыдыкованын айтымында, арыздар көбүнчө соттордун чечимдерине байланыштуу, мыйзам жоболорун чечмелеп берүү өтүнүчтөрү менен көп түшөт. Келип түшкөн арыздар жарандардын укуктук билим деңгээли жетишсиз экенин көрсөтүүдө. “Адамдар Конституциялык сотко кайсы суроолор менен кайрылыш керектигин билишпейт”, - дейт Конституциялык соттун төрайымы. Светлана Сыдыкованын белгилешинче, 2010-жылы соттор арасында окутуу иштери жүрүп, жарандар үчүн Конституциялык сотко кайрылыштын жол-жобосун түшүндүргөн буклеттер чыгарылат. ( EK)

XS
SM
MD
LG