Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Орусия жана АКШ өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүсүн жандандырды


Өзөктүк куралдарды кыскартууну караган жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн Женевада жанданды. Жаңы документ мөөнөтү былтыр 5- декабрда бүткөн келишимди алмаштыруусу керек. Орус президенти Дмитрий Медведевдин өткөн аптадагы сөзүнө караганда, азыр келишим “95 пайызга даяр” болуп калды. Ал акыр аягында келишим түзүлөрүнө ишеним билдиргени менен АКШнын ракетадан коргонуу системасынын айрым бөлүктөрүн Европада жайгаштыруу планы буга тоскоолдук кылуусу мүмкүн экенин да ишара кылды.

Барак Обама менен Дмитрий Медведев жаңы келишимде колдогу өзөктүк дүрмөттөрдүн санын 1500дөн -1675ке чейин, дүрмөттөрдү алып жүрүүчү унааларды 500дөн -1100гө чейин кыскартууну кароону былтыр июлда Москвада жолуккан учурунда макулдашкан.

XS
SM
MD
LG