Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Жер абасын өзгөчө булганган өлкөлөр өздөрүнө милдеттенме алышты


Бириккен Улуттар уюму билдиргендей, 55 мамлекет климаттын өзгөрүшү менен күрөштөгү өз пландарын тапшырышты. БУУнун Климаттын Өзгөрүшү боюнча секретариатынын жетекчиси Иво де Бөрдүн айтымында, энергияны колдонуудан чыккан булганч заттардын дээрлик 80 пайызы ушул өлкөлөргө туура келет. Мындай планды 31-январга чейин тапшыруу тууралуу БУУнун декабрда Данияда өткөн самитинде макулдашылган. Дүйнөдөгү эң ири аба булгагычтар болгон Кытай менен Кошмо Штаттары самиттин алдында өздөрүнө алган милдеттенмелерин дээрлик өзгөртүшкөн жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG