Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Кыргызстандын киночулары Ирандагы фестивалга катышууда


Тегеран шаарында 1-февралда башталган “Фаджр” кинофестивалынын сынактан тышкаркы программасында жаш кинорежиссерлор Наргиза Маматкулованын “Жашагым келет”, Ульяна Коновалованын “Саламатсыңбы, Күн” аттуу даректүү кинотасмалары көргөзүлөт.
Тегерандагы эл аралык кинофестиваль 11-февралга чейин болот. Бул тууралуу Кинематографисттер биримдигинен кабарлашты. Ал эми Бишкектеги киночулар үйүндө жакында Ирандын кино жумалыгы башталат. Анда Ирандын 5 мыкты кинотасмасы көргөзүлөт. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG