Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Б.Бешимов комитет жыйынына кайрылды


Өткөн жылы чет өлкөгө качууга аргасыз болгон социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Бакыт Бешимов Жогорку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитетине кайрылды. Комитет бүгүн Б.Бешимов жана К.Кадыровдун депутаттык ыйгарым-укуктарын токтотуу маселесин карайт.
Б.Бешимов кайрылуусунда Кыргызстанда башкача ой жүгүрткөндөрдү, оппозицияны куугунтуктоо, репрессия күч алганын белгилеп, анын башында президент турарын билдирген. Ал ошондой эле депутат кезинде Конституцияны бузуулар боюнча Конституциялык сотко кайрылуулары четке кагылганын, өткөн жылы 6-мартта Жалал-Абадда ага кол салуу аракети болгонун, ал боюнча бийлик бир да иликтөө ишин жүргүзбөгөнүн жазып, күч структураларынын башында Жаныш Бакиев жетектеген Мамлекеттик күзөт кызматы турганын атаган. Бешимовдун пикиринде, Мамлекеттик күзөт кызматы элдин көзөмөлүнөн чыккан. Адамдар өзүнүн пикири жана позициясы үчүн репрессияга кабылууда. Мындай шартта парламент чындыкка көздү жумбаш керек, деп белгилеген.
Расмий бийлик Б.Бешимов себепсиз эле чет өлкөгө чыгып кеткенин айтып, анын ал жактагы ишмердүүлүгүн сынга алып келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG