Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоор кайрадан Консотко жолдонду


Бүгүн Жогорку Кеңештин Мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин жыйынында Президенттик кеңешмени Мамлекеттик кеңеш менен алмаштырууга президенттин макулдугу каралды. Президенттин макулдугунун негизинде комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун Конституциялык сотко жолдоо чечимин кабыл алышты. Эми Конституциялык сот Конституциянын 52чи беренесине өзгөртүү киргизүү маселесин карап, өзүнүн корутундусун чыгарып берүүгө тийиш. Белгилүү болгондой Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү боюнча президенттин мыйзам долбоорун 21-январда карап, ага жалпысынан макулдугун берген. Бирок Президенттик кеңешмени башка бир коллегиялдык органга алмаштырууну сунуштаган. Президенттик кеңешмеге (Мамлекеттик кеңешке) президент өз ишин аткара албай калган учурда президенттин милдетин аткаруучуну тандоо укугу берилүүдө.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG