Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Казакстанда экинчи күйөө баланын айланасында чуу чыкты


Тимур Кулибаев бир эле учурда Казакстандын улуттук компанияларынын бир нечесинин башында турат
Тимур Кулибаев бир эле учурда Казакстандын улуттук компанияларынын бир нечесинин башында турат

Н.Назарбаевдин улуу күйөө баласы Рахат Алиев акыркы жылдары мурдагы кайнатасын ашкерелөө менен дүрбөлөң салса, ортончу күйөө бала Тимур Кулибаев учурда өзүнө каршы жарыяланган компромат материалдар аркылуу көңүл бурдуруп жатат.

Кечээ Астанада казак милициясы оппозициянын 11 активисттин кармады. Алар парламент депутаттарына качып жүргөн казак ишкери Мухтар Аблязовдун президент Нурсултан Назарбаевдин ортончу күйөө баласы Тимур Кулибаевге койгон дооматтарына мамилесин ачык билдирүүгө чакырган кат тапшыруу үчүн келишкен эле. Каттоодон өтпөгөн “Алга” оппозициячыл партиясынын Астана шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Сенбинов мындай дейт:

-Мухтар Аблязовдун билдирүүсүнө прокуратурадан реакция болбогондон кийин, колдо бар маалыматтарды депутаттар обьективдүү карап, баа берүүсүн көздөйбүз.

Кытай компанияларынан алынган пара

Учурда четте качып жүргөн казак ишкери Мухтар Аблязов өткөн аптада Казакстандын Башкы прокуратурасына, башка күч органдарына колундагы документтерди кошуп жөнөткөн билдирүүсүндө Тимур Кулибаевди кылмыштуу топ түзгөнү үчүн айыптап, мамлекет мүлкүн сатуунун эсебинен 165, 9 миллион долларды кымырып алганын белгилейт. Аблязовдун билдирүүсүнүн көчүрмөсү өткөн аптада Казакстандын оппозициячыл маанайдагы маалымат каражаттарынын интернет баракчаларында жарыяланды.

2000-жылдардын башында президент Нурсултан Назарбаевдин саясатына каршы чыкканы үчүн түрмөгө түшүп, кийинчерээк кайра банк чөйрөсүндөгү ишмердигин уланткан Мухтар Аблязов Казакстандан кетүүгө былтыр аргасыз болгон. Өзү жетектеп келген БТА банк өкмөт тарабынан тартылып алынгандан кийин чет өлкөгө кетишин Муктар Аблязов кайрадан камакка алынуу коркунучу жаралганы менен түшүндүргөн. Казакстанда Аблязовдун өзүнө каршы кылмыш иши козголуп, издөө салынган.

Муктар Аблязовдун ырасташынча, 2003 –жылы сатылган “Актөбөмунайгаз” компаниясы бери дегенде 380 миллион долларга бааланган. Бирок президент Нурсултан Назарбаедин мунай тармагын тейлеген ортончу күйөө баласы Тимур Кулибаев менен сүйлөшүү аркылуу кытай ишкерлери ал компанияны 150 миллион долларга эле сатып алышкан. Ал эми 165 миллион доллардан ашуун каражат Тимур Кулибаевге түрдүү схемалар аркылуу пара катары төлөнгөн. Мухтар Аблязовдун айтымында, бул кытай компанияларынын Казакстанга кандайча киргенинин бир эле мисалы:

-Мен өлкөнүн мунай –газ кендеринин жарымынан көбү ушундай жашыруун жолдор менен Кытайдын улуттук компанияларына берилип калуусу – биринчи кадам деп эсептейм. Эми экинчи кадам жер болот, үчүнчүсү - көз карандысыздыктын жоголушу. Мен жөн гана улуттук кызыкчылыкты сатуу болду деп эсептейм. Бул - жерди, ресурсту эмес, улуттук кызыкчылыкты саткандык.

Мухтар Аблязов “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына жакында берген интервьюсунда соңку кездери Кытай башка өлкөдөн эмес, Казакстандан 1 миллион гектар жерди ижарага сурады деген маалыматтар бекер жеринен чыгып жатпаганын кошумчалады.

Гезит нускаларын камакка алуу

Аблязов оболу Интернет аркылуу тараткан материалдарды Казакстандын өзүндө “Республика”, “Голос республики”, “Взгляд”, “Курсив” өңдүү гезиттер басып чыгышкан эле. 2- февраль күнү белгилүү болгондой, президент Назарбаедин күйөө баласы Тимур Кулибаев Мухтар Аблязовго жана бир катар басылмалага каршы сотко доо арыз жолдогон, Алматынын Медеу райондук соту ошол доо арыздын негизинде жоопкер маалымат каражаттарынын Тимур Кулибаедин абийири жана ар намысына шек келтирген маалыматтар жарыяланган продукцияларын камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Бул тууралуу “КазТаг” кабар агенттиги маалымдады. Редакцияга сот чечимин кармаган сот аткаруучулар келгенин кечээ “Азаттыктын” казак кызматына “Республика” гезитинин баш редакторунун орун басары Оксана Макушина да ырастады. “Журналисттер коркунучта” деген бейөкмөт уюмдун жетекчиси Розлана Таукина биз менен маегинде казак сотунун чечимин мындайча баалады:


-Мен бул быйыл ЕККУ уюмунун төрагасы болгон Казакстанда сөз эркиндигине көргөзүлгөн олуттуу кысымдын дагы бир далили деп эсептейм. Эмне үчүн жарыяланган материалдар боюнча өлкөдө иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгын ачык билдиришкендин ордуна бизде массалык маалымат каражаттарынын оозун жөн эле жаап коюп жатышат. Мунун баары бир эле нерсени туюндурат. Өлкөдө тыюу салынган тема көбөйүп жатат.

Алматынын Медеу райондук соту өз чечими менен жоопкер маалымат каражаттарына Тимур Кулибаевдин аброюна, ар намысына шек келтирген маалыматтарды жарыялоосуна тыюу да салган. Кулибаев учурда “КазМунайГаз”, “Казакстан темир жолу”, “Самурук Энерго” өңдүү улуттук компаниялардын Директорлор кеңешинин төрагасы кызматында турат. Америкалык “Форбс” журналы 2008-жылы аны жана жубайы Динараны миллиардерлердин тизмесине киргизген. Өткөн айда эле Швейцариянын Tribune de Geneve гезити Динара Кулибаева Женевадан көлөмү 8 миң чарчы метр келген жерди жана вилланы 74,7 миллион франкка сатып алганын жазып чыкты.

Казактар Кытайга жер берилип кетишинен кооптонот


Айрым байкоочулар күйөө балдарын да бийликке умтулуучу атаандаштар катары эсептегендиктен, аларды каралаган материалдардын жарыяланышы президент Назарбаевдин кызыкчылыгына жооп берет деп эсептешет. Казак оппозициясынын чет өлкөдөгү бюросунун жетекчиси Серик Медетбековдун көз карашында, кай тараптан чыккан күндө да президент күйөө баласы тууралуу материалдар өз учурунда жарыяланып кетти:

-Менимче кандай болгон күндө да Назарбаевдин үй-бүлөсү эскерилгенде, ал өлкө башчысынын бедели үчүн оңго караганда, тескери жагы көп болот. Менимче Кулибаевге каршы жарыяланган компромат материалдар чынында эле сабаттуу жана өз учурунда чыкты. Өз учурунда дегеним азыр Аблязов козгогон жер маселесин казак жери Кытайга берилип кеткенге чейин көтөрүп калууга мүмкүнчүлүк бар.

Жер демекчи өткөн ишемби күнү Алматыда казак оппозициясы Кытайга казак жеринин кандай формада болсо да ыктымал берилүүсүнө каршы алдын ала уруксат алынган митинг өткөрдү. Уюштуруучулардын айтымында, жыйынга беш миңдей адам келген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG