Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:11

Новосибирскиде кырма баштар тажик жаранын өлтүргөнү үчүн кесилди


"Азаттыктын" Орус кызматынын маалымдашынча, Сибирдеги Новосибирск облустук сотунун маалымат катчысы Ирина Кошелева кырма баштар тобунун ана башы Алексей Носков «улуттук жек көрүүчүлүктүн негизинде киши өлтүргөндүгү үчүн» 13 жылга эркинен ажыратылганын жарыялады. Топтун дагы төрт мүчөсү кол салууга көмөктөшкөнү үчүн 7 айдан бир жылга чейинки мөөнөттөргө шарттуу кесилди. 2008-жылы октябрда бул топ тажик атуулу Абдулатип Турсуновду койдой сабап, анан бычактап өлтүрүшкөн. Кол салгандардын бардыгы ал кезде 18 жашка чыга элек болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG