Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:13

Казакстанда беш гезит президенттин күйөө баласын сындаган үчүн конфискацияланды


"Азаттыктын" Казак кызматы билдиргендей, Алматы соту Нурсултан Назарбаевдин ортоңку күйөө баласы Тимур Кулыбаевдин коррупциялык иштери тууралуу макала басылган беш гезиттин соңку нускаларын тартып алууга буйрук берген. Кулыбаев «Республика», Голос Республики», Взгляд», «Курсив» жана «Жаңы курсив» гезиттерин сотко берген эле. Сот ошондой эле «Тимур Кулыбаевдин намысына шек келтирүүчү эч кандай маалымат» бербөөгө өкүм кылды. Кулыбаев Казакстандагы отун-кубат тармагына тийешеси бар көптөгөн ишканаларды жетектейт же алардын жетекчилик органына кирет. Сатыктан алынып салынган беш гезитте тең Кулыбаевди интернет сайттарда коррупциячы деп айыптаган бозгундагы ишкер Мухтар Аблязовдун билдирүүсү басылган эле. Кечээ (2-февралда) Астанада Межлистин ар бир мүчөсүнө Аблязовдун билдирүүсүнө жооп берүүнү талап кылган катты тапшырууга аракеттенген оппозициядагы «Алга» партиясынын 11 активисти камакка алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG