Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Уюлдук байланыш операторлорунун лицензиясын алуу талабы коюлду


Бул маселени “Ак жол” фракциясынын бүгүнкү отурумунда депутат Алишер Сабиров көтөрдү. Ушул эле жыйында депутат Ибрагим Жунусов уюлдук байланыштын көтөрүлгөн баасын тез арада токтотууну талап кылды. Бул эки сунушту фракция атайын чечим аркылуу өкмөттүн кароосуна жиберди.
“Ак жол” фракциясы бүгүн уюлдук байланыштарга баанын көтөрүлүшүнө байланышкан маселени толук иликтеп, баа берүү үчүн тиешелүү комитетке жиберди.
1-фервалдан баштап Мегаком, Фонекс, Билайн байланыш опреаторлору Кыргызстандагы уюлдук байланыштын баасын ар бир телефон чалуу үчүн 60 тыйындан көтөргөн. Ушул маселенин чоо-жайын билүү үчүн фракция бүгүн Транспорт, байланыш, антимоноплия агенттигинин, уюлдук байланыш операторлорунун жетекчилерин чакырып, маалыматын укту.
Антимонополия агенттигинин башчысы Турганбаев Надырбектин фракция жыйынында билдиргенине караганда уюлдук телефонду тейлеген компаниялар кызмат көрсөтүү баасын өз алдынча агенттик менен макулдашпай көтөрүп алышкан. Бул маселени бир ыктай чечүү үчүн агенттик тиешелүү компанияларга кат жолдоп, түшүндүрмө күтүп атат. Компаниялар элдин эсебинен пайда көрүп жатканы аныкталса чара көрүлөт деп билдирди агенттиктин төрагасы.(BuS)

XS
SM
MD
LG