Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Мелникофф көргөзмөсүнүн тагдырын комиссия чечет


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясында Маданият департаментинин башчысы Султан Раев билдирди. Буга чейин фотосүрөтчү Сергей Мелникоффтун көргөзмөсү 11-февралда Бишкектеги Көркөм-сүрөт музейинде ачылаары кабарланган. Фракция отурумунда Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков көргөзмөнүн уюштурулуп жатышы Кыргызстан менен Орусиянын мамилесине терс таасир этет деп, көргөзмөнү уюштурууга каршы чыкты. Депутаттын айтымында Мелникофф орус улутун жек көргөн көз караштары менен коомчулукка белгилүү адам.
Бул маселени өткөн аптада Социал-демократтар фракциясы да көтөрүп, русофобиялык көз караштагы фотосүрөтчүнүн көргөзмөсүн уюштурууга каршы болгон жана бул маселени Орусия-Кыргызстан мамилесинин кызыкчылыгында чечүүнү сурап өкмөткө кайрылган.
Султан Раевдин айтымында Мелникофф көргөзмөсүн Тышкы иштер министрлиги аркылуу Туризм агенттиги уюштуруп жатат жана аны ишке ашыруу үчүн 100 миң долларлык келишим түзүлгөн.
АКШ жараны Мелникофф “Кыргыз жери” аттуу китептин автору. Ал 1989-жылы СССРден АКШга эмиграцияга кеткен маданий ишмер катары маалымдалып келет.
(BuS)

XS
SM
MD
LG