Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

СДПФ кытай мектебинин Кыргызстан кызыкчылыгына төп келишин каалайт


Бүгүн Жогорку Кеңештеги СДП фракциясы Бишкекте кытай тилинде мектеп куруу долбоору боюнча Кытай менен Кыргызстан ортосунда макулдашуусуна байланыштуу Тышкы иштер министрлигинин Кытай өкмөтүнө жооп катын ратификациялоо маселесин талкуулады. Министрликтин маалыматына караганда мектеп Кытайдын каражатына курулуп, техникалык колдоо үчүн 50 млн. юань берүүнү убада кылууда. Мектепте Кытай тили негизги чет өлкөлүк тил катары окутулат. Мындан тышкары сабактар кыргыз, орус тилдеринде окутулат.
СДП фракциясы чет өлкөлүк мындай демилгелерди колдоодо Кыргызстан өз идеологиясын бекем тутунушу керектигин белгилеп, мектеп курулушуна жергиликтүү куруучулар катышуусун каалады. Фракцияга сунушталган документти жыйында Билим берүү министринин орун басары Үмүткан Тыналиева коргоду. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG