Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Исаковдун апелляциялык арызы 10-февралда каралат


Бул тууралуу экс-министр, оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров билдирди. Исаков апелляциялык арыз менен Аскер Cотуна январдын этегинде адвокаты аркылуу кайрылган. Бишкек горнизондук соту мурдагы Коргоо министрин өз уулуна мамлекеттин эсебинен батир бөлүп, кызматынан кыянат пайдаланды деген айып менен 8 жылга эркинен ажыратып, 11-январда дароо эле сот залынан камакка алган. Муну Исаков өзү саясий буюртма деп эсептейт. Анын тарапкерлери болсо 13-январдан бери Бишкекте жана Алайда ачкачылык акциясын улантып келатышат. Бүгүн Сопу-Коргондогу штабы тараткан маалыматка караганда 10-февралда Исаковдун эркиндигин талап кылган күчтөр Алай районунун борбору Гүлчөдө митинг өткөрүүнү болжошууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG