Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Сүрөтчүнүн чуусу Султан Раевди кызматтан алып түштү


Сергей Мельникофф, америкалык фотографф
Сергей Мельникофф, америкалык фотографф

“Ак жол” фракциясы бүгүн америкалык фотограф Сергей Мельникоффту колдогон Маданият агенттигинин жоопкерчилигин кароо сунушун өкмөткө жолдоп, ушул эле күнү президенттин буйругу менен агенттиктин башчысы кызматтан кетти.

Фотограф Сергей Мельникоффко байланыштуу маселени “Ак жол” фракциясынын отурумунда депутат Кубанычбек Исабеков көтөрүп чыкты:


- Сергей Мельникоффтун көргөзмөсүн Улуттук көркөм сүрөт музейинде өткөргөнү жатасыздар. Ал киши: “Орусия – кулдардын өлкөсү... Бүгүнкү мыкты орустар – өлгөн орустар...” – деп жазып атат. Орусия – биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Орус мамлекети менен карама-каршылыкты күчөтөлү деп атасыңарбы?

Сергей Мельникофф тууралуу Маданият боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Султан Раев депутаттарга маалымат берди. Аны 2009-жылы 3-мартта академик Асылбек Айдаралиев чакырган. Сергей Мельникофф “Кыргыз жери” деген фото-альбом чыгарып, 11-февралда ошол китептин жүзачары жана сүрөт көргөзмөсү өтмөк.

Жыйында Сергей Мельникофф тууралуу жана аны менен иштешкендерге байланыштуу чуу чыгаруу орунсуз экендигин депутат Бегалы Наргозуев белгиледи:

- Мельникофф бул жерде он жылдан бери иштеп жүрөт. Жанагы сөздөрүн Кыргызстанга келип айткан эмес. Ошон үчүн биздин атка минерлерди күнөөлөй бербесек. Ага Султан Акимовичтин кандай тиешеси бар? Көргөзмөнү болсо эл көрүш керек. Ал – искусство да.

Депутаттын сөзүнөн улам дем байлай түшкөн Маданият боюнча мамлекеттик агенттик деректири Султан Раев депутаттарга маалымат иретинде буларды кошумчалады:

- Биздин мамлекеттик тышкы иштер министрибиз деле, АКШдагы элчибиз деле билет да – бул кишинин кадыр-баркы кандай экенин. Интерполдон маалымат алдык – эч кандай кылмышка тиешеси жок экен.

Башкы маданиятчынын сөзүн депутат Айнура Кенжебаева актануу катары түшүнүптүр. Ал актангандын ордуна комиссия чечими чыкмайын бул чуулгандуу кишинин көргөзмөсүн да азырынча өткөрбөй, жарнамаларын да азырынча бербей туруу оң болорун айтты.

Ал эми жыйынды алпарып жаткан “Ак жол” фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов депутаттарга мындай сунуш менен кайрылды:

- Эч кандай комиссиясы жок эле бул көргөзмөнү алып салыш керек. Ошондуктан мен добушка коём – биздин өкмөт башчыбыз бул маселелерди так изилдеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартсын, Маданият агенттигинин жетекчилигинин жоопкерчилигин карасын.

Улугбек Ормоновдун сунушу 55 добуш менен кабыл алынды.

Америкалык белгилүү фотограф Сергей Мельникофф 1955-жылы Советтик генералдын үй-бүлөсүндө туулган. Мындан 22 жыл мурда СССРден көчүп кеткен.

Биз учурда Кыргызстанда жүргөн ошол америкалык фотограф Сергей Мельникофф менен да байланышка чыктык. Ал Жогорку Кеңеш фракциясындагы талкуу менен толук кабардар экен:

- Мен так ошол маселе менен өзүбүздүн элчиге баратам. Парламенттеги кырдаал өтө эле таң калыштуу болуп атат. Парламент кыргыз жери жөнүндөгү америкалык сүрөтчүнүн көргөзмөсү тууралуу талкуу жүргүзгөндө – алар Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын алакасы жөнүндө талкуу жүргүзүп жаткандыгын унутпашы керек эле. Ал эми мен Орусияга кандайча карайм – ал менин жеке ишим.

Ал эми Президенттин катчылыгынын жооптуу кызматкери Султан Жумагулов Мельникоффтун Кыргызстанга келип калышын – мамлекеттик айрым органдардын туура саясат жүргүзө албагандыгы катары баалады.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясындагы талкуудан кийин Президент Курманбек Бакиев Маданият боюнча мамлекеттик агенттик деректири Султан Раевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрук чыгарды.

XS
SM
MD
LG