Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Украинадагы шайлоого Кыргызстандан 24 байкоочу жөнөп кетти


Бул тууралуу “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 7-февралда өтүүчү Украинадагы шайлоого “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынан байкоочулар эл аралык ЕНЕМО уюму аркылуу байкоочулук кылат. ЕНЕМО уюму КМШ жана Европа өлкөлөрүндөгү шайлоолорго байкоо жүргүзүп келет.
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 7-февралда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Аймактар партиясынын лидери Виктор Янукович менен мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко ат салышат. 17-январдагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Виктор Янукович 35,2%, Юлия Тимошенко 25,05% шайлоочулардын добушуна ээ болушкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG